BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Газа: Израил гумжардам борборун танк менен аткылаганы айтылууда
Газадагы гумжардам борбору Израилдин аткылоосуна кабылганы айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, 30дай киши мерт болуп, 150дөй жараат алган.
Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүндө эмнелер тууралуу сөз болду?
2-июнда Стамбулда Орусия менен Украина өкүлдөрүнүн түз сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы аяктады. Сүйлөшүүлөр болжол менен бир саатка созулуп, бул май айындагы жолугушууга караганда эки эсе кыска болду.
"Паутина" операциясы. Арзан дрондор Орусияга оңбогондой зыян келтирди
Украин дрондору жекшемби күнү Орусиянын бир нече аскер аба базасына сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматындагы булагына таянып, Би-Би-Синин украин кызматы билдирди.
Миграциялык мунапыс: чет элдиктердин эмгек укуктары жана жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги
Соңку жылдары Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар тууралуу маалыматтар көбөйдү. Айрым учурларда алар кармалып, өлкөдөн чыгарылган фактылар дагы катталууда. Кыргыз бийлиги болсо мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга 2025-жылдын 10-июнуна чейин каттоодон өтүп, легалдуу макам алууга уруксат берди. Кыргызстанга көбүнчө кайсы өлкөлөрдөн жумушчу күчтөр келүүдө? Аларды көзөмөлдөө, укуктарын коргоо жагы кандай жөнгө салынууда?
"Мөөнөтүм аяктады". Илон Маск Трамптын командасынан кетет
Атактуу миллиардер, Өкмөттүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө департаментинин (DOGE) жетекчиси Илон Маск Трамптын администрациясынан кетип жатканын айтып, АКШнын президентине ыраазычылык билдирди.
Казыяттагы каржыдан чыккан чуу. Санагын тактоого санарип керекпи?
Жакында Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз акча жыйноого шектелип кармалды. Бул окуя диний түзүмдөрдөгү каржылык ачык-айкындуулук жана коомдук ишеним маселесин дагы бир жолу козгоду. Кыргызстандын диний мекемелеринде финансыга байланыштуу чыр-чатактар жана шектүү көрүнүштөр буга чейин дагы катталган учурлар болгон.
"Клооптун" журналисттерин жапырт суракка алуунун артында эмне турат?
29-майда "Клооп" басылмасынын дагы бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу редакция өзү кабарлады. 28-майда өлкөдө ишмердигине тыюу салынган "Клооп" басылмасынын мурдагы жана азыркы беш кызматкери суракка алынып, экөө 48 саатка камалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, аларга "жапырт башаламандыкка чакыруу" беренеси менен иш козголгону айтылууда.
"Жүзүңдү ач": никабга тыюу салуунун машакаты жана тобокелчилиги
Кыргызстандын айрым аймактарында апрель айынын башынан бери коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип жатат. Бийлик жүз жашырууга расмий түрдө тыюу салынганын, мыйзам коопсуздук үчүн кабыл алынганын айтса, айрым жарандар бул чара дин тутуу эркиндигине каршы келет деген көз карашта.
Зеленский кытайлык аскерлер колго түшкөнүн билдирди. Бул боюнча эмнелер белгилүү?
Украиналык аскерлер Донецк облусунда Орусия үчүн согушуп жүргөн кытайлык эки жаранды туткунга алганын Володимир Зеленский билдирди. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын өкүлүн чакырып, алардын жарандарынын Орусиянын катарында Украинага каршы согушуп жатканын сынга алды. Пекин туткунга түшкөндөр тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Германия тарыхты артка таштап, согушка камына турган болду
Согуштун чеги делген линияда турган ракета коё берүүчү түзүм күүлдөп, кочкул түстөнгөн коюу чаңды абага бүрктү. Ракета асманга карай атып чыгаарына саналуу көз ирмем калганда бештен артты көздөй санак жүрөт дагы, "аткыла" деген буйрук берилет.
Кызыл сызыктан чыккан кызуу талаш. Менчик укугу унутта калган жокпу?
"Снос", "Сүрдүрүп салуу" деген сөздөр соңку күндөрү эң көп айтылып, эң көп жазылып жаткандай. Айрымдар дубалдар эле сүрүлбөй, ашмалтайы чыккан эски эрежелер дагы кошо сүрүлүп жатат деп кубаттаса, менчик укугу кайда калды деп сынга алгандар дагы жок эмес. Ошондон улам кызыл сызык менен жеке менчик деген түшүнүктүн чек арасын так аныктоо маселеси күн тартибине чыкты.
"Эң жаманына даярдык": Макрон Украинаны АКШсыз колдоо планын талкуулашканын билдирди
Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер тарабынан уюшулган "каалоочулардын коалициясынын" саммити болуп өттү. Жолугушуу эгерде Орусия менен тынчтык келишими түзүлө турган болсо Украинага кепилидиктер жана башка суроолорду талкуулоо үчүн уюуштурулду.
Кытай таануучу Александр Габуев: Бээжинде Путинди ашынган фанатик деп эсептешет
Украинадагы согушту тынчтык жолу менен чечүү тууралуу жаңылыктарда көбүнчө Дональд Трамптын жана анын жаңы администрациясынын аты аталууда. Бирок дүйнөлүк саясаттагы маанилүү оюнчу Кытай көз жаздымда калып жаткандай. Украинада көпчүлүк Бээжин Москвага ар тараптан көмөктөшүп жатат деп эсептейт. Алардын пикиринде, Кытай кааласа, "кенже өнөктөшүнө" согушту токтотууга оңой эле буйрук берип коймок.
Трамп көздөгөн минералдар. Украинада кандай кен байлык бар?
Украинада сейрек кездешүүчү жана маанилүү минералдардын ири кендери орун алган, бирок алардын көпчүлүгү азыркы тапта орус аскерлери көзөмөлдөп турган аймактарда жайгашкан. Дональд Трамп буга чейин АКШ Украинага көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарга ээлик кылууну көздөп жатканын билдирген.
Кыргызстан
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.